Пайдалануу макулдашуусу

Бул пайдалануу макулдашуусу (мындан ары – Пайдалануу макулдашуусу) бир тараптан Кыргыз Республикасынын жараны же чет өлкөлүк жаран (мындан ары – Пайдалануучу) менен экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Пайдалануучу) https://payment.infocom.kg – веб-сайты (мындан ары - Сайт) аркылуу электрондук түрдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү ишке ашыруунун жүрүшүндөгү мамилелерди жөнгө салат.

Пайдалануу макулдашуусу Сайтта мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн төлөм тартибин аныктайт, Сайтта мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн төлөм шарттарын жана эрежесин бузууда Пайдалануучунун жана Оператордун жоопкерчилигин белгилейт.

Сайт Оператор тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга (мындан ары - Пайдалануучу) төмөнкүдөй мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүүдө ыңгайлуулукту камсыздоо жана убакытты кыскартуу максатында түзүлдү:

  • Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун берүү (идентификациялык картаны - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту (ID-карта) жана 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорт);
  • Улуттук жана эл аралык үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн берүү;
  • Чет өлкөлүк жарандыгы менен мекендештерге (Мекен-карт) документ берүү.

Бул Саясатта төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

  • Сайт – ар кандай эл аралык банктык карттарды колдонуу менен реалдуу убакыт режиминде Пайдалануучу тандаган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн арналган инструмент болуп саналат;
  • Пайдалануучу – ар кандай эл аралык банктык карталарды колдонуу менен реалдуу убакыт режиминде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдү жүзөгө ашыруу максатында сайтта жеке мүнөздөгү маалыматты сунуштаган жеке жак.

Ушул Пайдалануу макулдашуусунда жеке мүнөздөгү маалымат деп төмөнкү маалыматтар түшүнүлөт:

  • Пайдалануучунун фамилиясы жана аты латын тамгалары менен;
  • Пайдалануучунун 16 цифрадан турган банктык картасынын номери;
  • Пайдалануучунун банктын картасынын колдонуу мөөнөтү;
  • Пайдалануучунун банктык картасынын арткы бетиндеги үч белгиден номер;
  • Пайдалануучунун байланышуу үчүн телефон номери;
  • Пайдалануучунун электрондук почтасынын дареги (e-mail).

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө төлөө

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүүдө Пайдалануучу браузер тилкесине сайттын дарегин: https://payment.infocom.kg жана тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн төлөм кодун киргизүүсү керек. тайын тилкеге төлөм кодун киргизгенден кийин, эгерде төлөм баракчасында төлөм коду актуалдуу болсо, “Пайдалануучунун аты-жөнү”, “Төлөм статусу” жана “Төлөм суммасы” жеткиликтүү болот.
Пайдалануучу “Төлөө” баскычын басуу керек, андан кийин Пайдалануучунун банктык картасынын маалыматтарын киргизүү үчүн баракча ачылат. Баракчага жогоруда көрсөтүлгөн жеке мүнөздөгү маалыматтар толук толтурулгандан кийин Пайдалануучу “Төлөө” баскычын басышы керек, андан кийин төлөмдүн статусун көрсөтүү менен онлайн-чек чыгат.

Жоопкерчилик

Сайтка маалыматтарды, анын ичинде төлөм кодун туура эмес киргизүүдөн, ошондой эле Пайдалануучу тараптан болгон үзгүлтүктөрдөн улам келип чыккан зыяндардын ар кандай түрлөрү үчүн Пайдалануучу өз алдынча жооп берет жана Оператордон сарпталган финансы каражаттарынын ордун толтурууну талап кылууга укугу жок.
Оператор Сайтка маалыматтарды, анын ичинде төлөм кодун туура эмес киргизүүдөн, ошондой эле Пайдалануучу тараптан болгон үзгүлтүктөрдөн улам келип чыккан зыяндардын ар кандай түрлөрү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Оператор Пайдалануучу тарабынан үчүнчү жакка өзүнүн жеке мүнөздөгү маалыматтарын бергендиги жана жайылтканы үчүн жоопкерчилик тартпайт. Оператор Сайт менен иштөөдө Пайдалануучунун аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Сайт менен иштөөдө Пайдалануучу үзгүлтүксүз интернет-байланышты өз алдынча камсыз кылат.

Пайдалануучунун жеке мүнөздөгү маалыматтарын коргоо үчүн колдонулуучу чаралар

Оператор Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, ошондой эле Оператордун ушул чөйрөнү жөнгө салуучу локалдуу ченемдик актыларынын талаптарына ылайык үчүнчү жактар тарабынан жеке мүнөздөгү маалыматтарга укукка жат же кокусунан кирүүдөн, өзгөртүүдөн, блоктоодон, көчүрүүдөн, берүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле аларга карата укукка жат башка аракеттерден коргоо үчүн зарыл жана жетиштүү уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт.

Пайдалануу макулдашуусунун шарттарын өзгөртүү

Пайдалануу макулдашуусунун колдонуудагы редакциясы төмөнкү дарек боюнча Сайттын веб-баракчасына туруктуу режимде жайгаштырылат: https://payment.infocom.kg/documents.
Оператор ушул Пайдалануу макулдашуусуна өзгөртүү киргизүү укугун өзүнө калтырат.
Киргизилген өзгөртүүлөр Пайдалануу макулдашуусунун жаңыланган тексти Сайтка жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө киргизилет, анда акыркы киргизилген өзгөртүүнүн датасы көрсөтүлөт.
Пайдалануу макулдашуусунун жаңы редакциясы иштелип чыкса, ал да Сайтка жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет, эгерде Пайдалануу макулдашуусунун жаңы редакциясында башкасы каралбаса.
Пайдалануу макулдашуусуна кандайдыр-бир толуктоолор киргизилгенден кийин Сайтты колдонуу, Пайдалануучу таанышты, макул болду жана Пайдалануу макулдашуусунун жаңы версиясын кабыл алды дегенди билдирет.

Кайра байланышуу

Ушул Пайдалануу макулдашуусуна байланыштуу маселелер боюнча бардык сунуштар Оператордун төмөнкү байланышуу үчүн маалыматтар боюнча билдирүү же жөнөтүү керек:

  • Кыргыз Республикасы, 720000, Бишкек шаары, Чолпон-Ата (Ч.Валиханов) көчөсү, 2;
  • Электрондук почтанын дареги: support@infocom.kg;
  • Техникалык колдоо көрсөтүү үчүн тел.: 119