Купуялык саясаты

Жалпы жобо.

Бул жеке мүнөздөгү маалыматтардын купуялуулук саясаты (мындан ары – Саясат), ушул Саясатка ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары же чет өлкөлүк жарандар төлөм жүргүзүүдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө онлайн режиминде төлөө сайтына https://payment.infocom.kg (мындан ары - Сайт) киргизилүүчү маалыматтарга карата колдонулат. Сайт Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Инфоком” МИ) тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынын тышкары жүргөн жарандарга жана чет өлкөлүк жарандарга (мындан ары - Пайдалануучулар) ыңгайлуулукту камсыздоо жана убакытты үнөмдөө максатында түзүлдү.

Бул Саясатта төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

  • Сайт – ар кандай эл аралык банктык карттарды колдонуу менен реалдуу убакыт режиминде Пайдалануучу тандаган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн арналган инструмент болуп саналат;
  • Пайдалануучу – ар кандай эл аралык банктык карталарды колдонуу менен реалдуу убакыт режиминде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдү жүргүзүү максатында Сайтта жеке мүнөздөгү маалыматты сунуштаган жеке жак.

Сайтка киргизилүүчү жана иштеп чыгуучу Пайдалануучунун жеке мүнөздөгү маалыматы.

Ушул Саясаттын чегинде Сайтта Пайдалануучунун төмөнкүдөй жеке мүнөздөгү маалыматтары иштелип чыгат:

  • Пайдалануучунун латын тамгалары менен киргизилген фамилиясы жана аты;
  • Пайдалануучунун банктык картасынын он алты сандан турган номери;
  • Пайдалануучунун бактык картасынын колдонуу мөөнөтү
  • Пайдалануучунун банктык картасынын арткы бетиндеги үч белгиден турган номери.

Сайт Пайдалануучу тарабынан киргизилген жеке мүнөздөгү маалыматтардын аныктыгын текшербейт. Туура эмес маалыматтарды берүүнүн кесепети Сайтты пайдалануу макулдашуусунда аныкталган.

Пайдалануучунун жеке мүнөздөгү маалыматтарын чогултуунун жана иштеп чыгуунун максаты.

Жеке мүнөздөгү маалыматтарды киргизүү аркылуу Сайтты колдонуу Пайдалануучунун ушул Саясат жана анда көрсөтүлгөн анын жеке мүнөздөгү маалыматтарын иштеп чыгуу шарттары менен толук макул экендигин билдирет. Эгерде, бул шарттар менен макул болбосо, Пайдалануучу Сайтты колдонуудан карманат алат.
Пайдалануучунун Сайтка киргизилген жеке мүнөздөгү маалыматтары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн коопсуз жана өз учурунда түшүшүн камсыз кылууга керек.
Пайдалануучунун жеке мүнөздөгү маалыматтарын чогултуунун жана иштеп чыгуунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу;
  • Мамлекеттик кызматтарды алууда Пайдалануучуну укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоо жана канааттандыруу;
  • Жеке мүнөздөгү маалыматтар менен иштөө шарттарын аныктоо.

Пайдалануучунун жеке мүнөздөгү маалыматтарын коргоо үчүн колдонулуучу чаралар.

“Инфоком” МИ Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, ошондой эле “Инфоком” МИнин ушул чөйрөнү жөнгө салуучу локалдуу ченемдик актыларынын талаптарына ылайык үчүнчү жактар тарабынан жеке мүнөздөгү маалыматтарга укукка жат же кокусунан кирүүдөн, өзгөртүүдөн, блоктоодон, көчүрүүдөн, берүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле аларга карата укукка жат башка аракеттерден коргоо үчүн зарыл жана жетиштүү уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт.

Ушул Саясаттын шарттарын өзгөртүү.

Саясаттын колдонуудагы редакциясы төмөнкү дарек боюнча: https://payment.infocom.kg/documents веб-баракчада туруктуу режимде жайгаштырылат. “Инфоком” МИ ушул Саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат. Саясатка киргизилген өзгөртүүлөр Сайтка жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет, анда акыркы киргизилген өзгөртүүнүн датасы көрсөтүлөт.

Саясаттын жаңы редакциясы иштелип чыкса, ал дагы Сайтка жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет, эгерде Саясаттын жаңы редакциясында башкасы каралбаса.

Кандайдыр бир толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Сайтты колдонуу, Пайдалануучу алар менен таанышты, Саясаттын жаңы версиясына макул жана кабыл алды дегенди түшүндүрөт.

Кайра байланышуу

Ушул Саясатка байланыштуу маселелер боюнча бардык сунуштарды support@infocom.kg электрондук почтанын дарегине, Call center 119 номери аркылуу жөнөтүүгө болот.